www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абадды коргоо комитетти Жогорку Кеңештин депутаттарына суу сактагычтын айланасындагы маселе боюнча Кайрылуу жасады. Кайрылууну Азамат Нуралиев өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

«Урматтуу 7-чакырылыштын депутаттары!

Сиздерден үмүт чоң!

Азырка учурда кыргыз элине таандык жерлер кошуна өлкөгө сатылганы жатат. Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселени талкуулоо жана чечим кабыл алуу үчүн Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча тиешелүү комитетинин эки гана жыйынын өткөрдү. Талкуу жабык режимде өтүп, депутаттарга документтердин жана маалыматтардын толук эмес тизмеси берилди.

Андан тышкары, Кемпир-Абад боюнча келишимдер ачыкталсын деп талап кылган 27 активист, саясатчы оор кылмыш боюнча негизсиз айыпталып бир түндө соттолуп, учурда абакта отурушат.

Бирок жерге күйгөн бир гана 27 активист эмес, бүтүндөй элибиз турат, ошол аймакта жашаган жарандарыбыз турат.

Бийликтин сөзү бир болсо, элдин сөзү башка болуп жатканы анык. Эл өкүлү болгон наамга татыктуу болууңуздарды чакырып кетет элек!

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимдин ратификациясын четке кагууну өтүнөбүз!

Бүгүн, 15-ноябрь саат 13:00дө Ак үйдүн алдында кайдыгер карабаган бүт жарандарды күтөбүз!

Жерибизди саттырып жибербейли!

Урматтап, Кемпир-Абадды коргоо комитети.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости