www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өлүм менен коштолгон жол кырсыгы катталды, деп билдиришти борбор калаанын милициясынын басма сөз кызматынан.
23-октябрда саат 21:50 чамасында «Лексус LX570» жол тандабасы Чыңгыз Айтматов проспектиси менен түштүк багытта бара жаткан. Москва көчөсү менен кесилиште айдоочу ылдамдыкты ашырып, жол чырактын тыюу салган белгисинен өтүп кетип, Москва көчөсү менен чыгыш багытта бара жаткан мотоскутер менен кагылышкан.
Мындан улам скутер 2010-жылы туулган айдоочусу И.О. менен кошо Айтматов проспектисинде түндүк багытта жол чырактын алдында токтоп турган «Вельтмайстер» унаасын сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен скутердин айдоочусу окуя болгон жерде каза болду.
Бул факт КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу») боюнча катталды. Жол тандабастын 2001-жылы туулган айдоочусу Э.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.