www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-октябрда эртең менен Франциянын Париж аймагындагы Ивелин департаментине караштуу Трапп жана Ла-Веррьер шаарларында белгисиз адам автоматтык курал менен ок чыгарган. Окуянын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы беш адам оор жаракат алган.
Маалыматка ылайык, кол салган адам унаадан өтүп бара жаткан адамдарды аткылаган. Шектүү коңшу Куаньер шаарчасында кармалган.
Окуя боюнча тергөөнү Улуттук антитеррордук прокуратура (PNAT) жүргүзүүдө. Прокуратура кылмыштын оорлотуучу жагдайы катары расалык, этностук, улуттук же диний жек көрүүчүлүк мотивин карап жатат.
Окуя болгон жерге Франциянын ички иштер министри Лоран Нуньес барып, бул кылмыштын террордук мүнөзү ачык көрүнүп турганын билдирди.
Трапп шаарынын мэри Али Рабе кол салууну расисттик, болжолдуу түрдө исламга каршы маанайдан улам жасалган террордук акт катары айыптады.
Ошол эле күнү кечинде окуя болгон Трапп шаарына Франциянын президенти Эмманюэль Макрон келип, кол салууну расизмдин негизинде жасалган террордук акт деп атады.