www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) 11-ноябрдагы жыйынында Армениянын уюмдагы мүчөлүгүнө байланыштуу маселени карашы мүмкүн. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Таалатбек Масадыков ТАСС агенттигине берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, маселе жыйындын күн тартибине киргизилсе, тиешелүү чечим кабыл алынышы ыктымал. Масадыков Армениянын ЖККУнун ишине иш жүзүндө катышпай калган. Уюмдун жыйындарына барбайт, кызмат орундарын толтурбайт жана үч жылдан бери мүчөлүк акысын төлөбөй келет. Бирок юридикалык жактан уюмдун мүчөсү бойдон калууда. 

Армения 2024-жылдын февралынан тартып ЖККУнун жыйындарына дээрлик катышпай калган. Премьер-министр Никол Пашинян уюмга кайрадан активдүү катышуу пландалбаганын билдирип, Арменияны уюмдан чыгаруу чечимине каршы эместигин айткан.

Мындан улам 11-ноябрда Москвада өтө турган ЖККУнун жыйынында Армениянын мүчөлүгү боюнча маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок аны уюмдан чыгаруу боюнча акыркы чечим азырынча кабыл алына элек.

Последние новости