www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат талдоочу Александр Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын башчысы Владимир Зеленскийди эл аралык издөөгө жарыялап, камакка алууга ордер берүү маселесин карап жатканын билдирди. Анын айтымында, бул тууралуу маалымат Дональд Трамптын администрациясы тарабынан айтылган.
Мындан тышкары, Украинадагы Starlink спутниктик байланыш системасынын ишин токтотуу мүмкүнчүлүгү да талкууланып жатканы белгиленүүдө. Маалыматта мындай чечим кабыл алынса, Украинадагы согуш эки күндүн ичинде аякташы мүмкүн деген божомол айтылган.
Ошондой эле бул билдирүүлөр Россия менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына байланыштуу эместиги белгиленген.
Билдирүүдө Дональд Трамп Владимир Зеленскийден Украинага бөлүнгөн 350 миллиард доллардын кайда жана кандай максаттарга жумшалганы тууралуу отчет талап кылганы айтылат. Анда Зеленский каражаттардын сарпталышын тастыктаган документтерди көрсөтө албай, акчанын кайда жумшалганын түшүндүрүп бере албаганы тууралуу да доомат келтирилген.