www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 14-ноябрда Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын жыйынында Унгар-Тоо аймагын Кыргызстанга өткөрүү боюнча пикирин билдирди.
«Миллий тикланиш» партиясынан депутат Абдумалик Акрамов белгилегендей, Фергана өрөөнүндөгү эң бийик жерлердин бири саналган, Наманган облусуна жакын жайгашкан Унгар-Тоо тоосунда Өзбекстан менен Кыргызстандын радио жана телекөрсөтүү антенналары жайгашкан.
Мамлекеттер ортосундагы мамлекеттик чек аранын айрым тилкелери боюнча макулдашууга ылайык, Өзбекстан Кыргызстанга 35 гектар аянтты берет.
Абдулла Арипов белгилегендей, Өзбекстан тараптан тоонун чокусуна чыгуу мүмкүн эмес.
«Бир кызыктуу детал бар. Өзбекстан тараптан тоонун чокусуна чыга албайсың – жол жок. Жол Кыргызстандан гана бар. Мындай нюанс бар. Көптөр ал жөнүндө билишпейт. Жол алар тарапта болгондуктан, биз тоону бөлүшүү үчүн компромисс сунуштаганбыз. Биз аларга жер бөлүп бергенге мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз, бирок алар биз тоого чыгып, ылдый түшө тургандай шарт түзүп бериши керек. Мындай келишим бар», - деп белгиледи өзбек өкмөтүнүн башчысы.
Өзбекстан Унгар-Тоо аймагын Кыргызстанга берүүгө даяр экени 2021-жылдын март айында президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында белгилүү болгон.
«Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавы менен транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр. Анклавдын тургундары мамлекеттик чек арадан ээн-эркин өтө алышат. Өз кезегинде өзбек тарап ага чейин чек арага чектеш аймактын тургундарынын ортосунда талаш-тартыш жана саясий тирешүү болуп келген Унгар-Тоо аймагын Кыргызстанга берүүгө даяр», - деп белгиледи анда Кыргызстандын президентинин администрациясы.
Буга чейин Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу (төмөнкү) палатасы Кыргызстан менен келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун жактырган.
Кеп чек аралар жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу келишими жөнүндө болуп жатат.
Эми документтердин долбоорлору Сенатта (парламенттин жогорку палатасы) каралышы керек.
Эске салсак, буга чейин КР Жогорку Кеңеши документти ушул жумада карашы мүмкүн экендиги белгилүү болгон.
Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттери келишимдерди ратификациялашса, президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев кол коюп, ратификациялык грамоталарды алмашат. Ошентип кыргыз-өзбек чек арасынын 1400 чакырымдан ашуун маселеси чечилет.
Булак: NazarNews.kg