www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Анкарадагы элчилиги кечээ, 14-ноябрда билдирүү жасап, терроризмдин бардык түрүн айыптап, ага каршы күрөшүүдө Түркия менен кызматташа турганын билдирди. Американын дипломатиялык миссиясы Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун 13-ноябрда Стамбулда болгон терактка байланыштуу элчиликтин көңүл айтуусун Анкара кабыл албайт деген билдирүүсүнө ушундайча жооп берди.
«АКШ террордун бардык түрүн катуу айыптайт жана ага каршы күрөштө НАТОнун баалуу өнөктөшү болгон Түркия менен тилектештикте иш алып барат», - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Стамбулдагы терактка АКШны күнөөлөп, бул өлкөдөн жана анын Түркиядагы элчилигинен көңүл айтууну күтпөй турганын, тескерисинче, ар кандай тилектештикти четке кагып жатканын айткан.
«Биз Америка элчилигинин тилектештигин кабыл албайбыз, биз аны четке кагабыз. Албетте, Сирия жана террор аймактарын азыктандырган бул концепцияга Сенаттарынан акча жөнөтүп, Түркиянын тынчтыгын бузууга аракет кылган бир өлкө менен союздаштыгыбыз сөзсүз түрдө талкууланышы керек.
Биз эч кимге душман эмеспиз, эч кимдин жеринде көзүбүз жок, эч кимге чыккынчылык кылбайбыз, бирок бул чыккынчылыктарга чыдаганга чыдамыбыз түгөндү деп айткым келет.
Албетте, ийгиликтүү операция менен террористтер колго түшүрүлдү. Эгер биз аларды кармабаганыбызда, алар бүгүн Грецияга аткезчилик жол менен алынып келинмек», - дейт министр Сойлу.
Эскерте кетсек, кечээ, 13-ноябрда түштөн кийин Стамбулдун Бейогли районунда туристтер жык толгон Истиклал көчөсүндө катуу жарылуу болгон. Расмий маалыматка караганда, жардыруудан алты адам каза болуп, 80ден ашууну жарадар болгон. Дарыгерлер жабыркагандардын 50гө ошол эле күнү үйүнө кетүүгө уруксат беришти. 31 адам ооруканага жаткырылды. Алардын бешөө оор, экөөнүн абалы орто. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган окуяда террордун издери бар экенин билдирди.
Көп өтпөй теракттын аткаруучусу, араб улутундагы Ахлам Альбашир Стамбул полициясы тарабынан камакка алынган. Көчөгө бомба коюп, өзү дайынсыз жоголгон аял Сириянын жараны экени белгилүү болду. Ал өз көрсөтмөсүндө Күртстан жумушчу партиясы, Элдик өзүн-өзү коргоо күчтөрү жана Демократиялык биримдик террордук уюмдары тарабынан атайын чалгынчы катары даярдалганын жана Африн аркылуу Түркияга мыйзамсыз киргенин мойнуна алган.
Ал кечээ, 13-ноябрда Сириянын Кобани шаарындагы террордук уюмдардын баш кеңсесинен жардыруу жасоо боюнча буйрук алып, саат 16:20лар чамасында аны жасап, качып кеткенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg