www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 3-4 -декабрда Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Пакистан Ислам Республикасынын энергетика министри Сардар Авайс Ахмед Хан Легари менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы энергетика тармагында кызматташууну тереңдетүү, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу, энергетиа тармагын өнүктүрүү багында бири-бирине колдоо көрсөтүү тууралуу талкуу кылышты.

Мындан тышкары эки өлкөнүн энергетика министрлери төмөнкү багыттар боюнча кызматташуунун келечегин карашты:

- Заманбап техникалык чечимдерди жана ыкмаларды колдонуу менен ГЭСтерди курууда жана эксплуатациялоодо тажрыйба алмашуу;

-Аймактык энергетикалык туруктуулукту чыңдоого багытталган CASA-1000 долбоорунун алкагында кызматташууну андан ары кеңейтүү;

- Электр энергиясын өз ара берүү: Кыргызстандан жай мезгилинде жана Пакистандан кыш мезгилинде CASA-1000 долбоорунун алкагында жеткирүүлөрдү ишке ашыруу;

- Энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү жана жашыл энергетика чөйрөсүндө мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу;

-Кыргыз Республикасындагы энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Пакистандан квалификациялуу жумушчу күчүн тартуу;

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы энергетика жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Аталган документке Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Пакистан Ислам Республикасынын энергетика министри Сардар Авайс Ахмед Хан Легари кол койду.

Последние новости