www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусу, 5-декабрь - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Тош-Кутчу жерлигиндеги "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун тилкесиндеги туннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

МинКаб башчысына жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери тууралуу айтып беришти. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору "Торугарт – Арпа – Кош-Дөбө – Макмал – Жалал-Абад" (304,94 км) маршруту боюнча өтөт. Торугарт – Макмал (160 км) тилкесинде 1435 мм темир жол изи, Макмалдан Жалал-Абадка чейин (145 км) – 1520 мм темир жол изи колдонулат. Макмал районунда жүктөө станциясын жана логистикалык борборду түзүү мүмкүнчүлүгү пландаштырылууда. 

5695 техника жана 5 миңден ашык адам тартылган. 29 туннелдин (ичинен 18) курулушу башталды. 50 көпүрөнүн 17синин, 602 суу өткөргүч түтүктүн 28инин курулушу башталды. 

Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев стратегиялык инфраструктуралык долбоорду сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Последние новости