www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Манас шаарынын тургуну Разия Үметованын Би-Би-Сиге берген маегинен кийин анын уулу тууралуу маалыматтарды текшерип, расмий түшүндүрмө таратты.

Текшерүүдө анын уулу - 1992-жылы төрөлгөн Нурлан Үметов экени аныкталды. Ал мурда ИИОнун эсебинде болуп, кийин Орусияга эмгек миграциясына кеткен. 2014-2015-жылдары "Катиба Имам аль-Бухари" аттуу тыюу салынган эл аралык террористтик уюм тарабынан азгырууга кабылган.

Андан кийин ал Түркия аркылуу Сириянын Идлиб провинциясына өтүп, ошол уюмдун мүчөлөрүнө кошулган. 

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Үметов террористтик топтордун курамында машыгуудан өтүп, Сирия өкмөттүк күчтөрүнө каршы салгылаштарга катышкан жана согуш аракеттеринин биринде каза болгон. 

Ал 2016-жылдан бери туугандары менен байланышка чыккан эмес.

Нурлан Үметов чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга катышкандыгы үчүн эл аралык издөөгө да алынган.

УКМК жарандарды террористтик жана экстремисттик уюмдардын онлайн-азгырыктарына алданбоого чакырып, радикалдык топтор социалдык тармактарды жана заманбап технологияларды пайдаланып, адамдардын психологиялык абалына таасир этүү аркылуу тартууну улантып жатканын эскертти.

Последние новости