www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков 7-октябрда Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) “Диалог” программасында айыл чарба жаатындагы маселелер боюнча эркин журналист Ыдырыс Исаков менен дебатка чыгып кайым айтышты.
Коомчулук болсо, Акунбеков журналисттин сынына чычалап, дебатка чакырып акыйлашкандан эт арзандап, балык өлбөй, жемиш бактары куурабай, дыйкандар кирешеге маарып калыштыбы дешип күлкү кылып, жеңил пиарды жакшы көргөн жоругун мыскылдашууда.
Баса, ошол дебатта капка катылган шибегенин учу чыкты. Акунбеков министр болгонго чейин 4 ай камалып чыкканы маалым болду.
Бул тууралуу Акунбеков: “Таш заман болгон. Таш заманда “кустуризация” кылып киргизем деген. Эч нерсе таппай төрт ай кармаган. Эч нерсе тапкан эмес” – деп айтты.