www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва шаарында кыргызстандык жаранды күч менен уурдап кетүүгө байланыштуу үч адам кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 5-октябрда болгон. Кармалгандардын үчөө тең Кыргызстандын жарандары экени аныкталган. Орусияда аларга карата «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.
Окуяда жабыркаган адам да Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Ал ур-токмокко кабылып, медициналык жардам алган.
Буга чейин социалдык тармактарда бир нече адам кишини сабап, күч менен автоунаанын багажына салып жаткан видео тараган. Окуя боюнча Орусиянын укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Учурда Орусияда 376 миңге жакын кыргызстандык мигрант расмий каттоодо турат.