www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 жаран аныкталды. Бул тууралуу  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Араван районунун аймагында рейддик иш-чара өткөрүлүп, аңчылык кылуу жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 жаран аныкталды.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 4 протокол түзүлүп, тиешелүү өлчөмдө айып пулдар салынды.

Мындан тышкары, рейд учурунда жергиликтүү тургундар арасында аңчылык кылуу жана балык уулоо эрежелерин так сактоо, жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу жана мыйзам талаптарын бузууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Последние новости