www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европарламенттин Страсбургдагы имаратында АКШ президенти Дональд Трампты жылаңач абалда сүрөттөгөн сатиралык айкел көргөзмөгө коюлду.

Даниялык сүрөтчү Йенс Галшиоттун «Orange Plague» («Апельсин чумасы») аттуу эмгеги «King of Injustice» («Адилетсиздиктин падышасы») деген ат менен да белгилүү.

Бийиктиги 2,5 метрге жакын айкелде Трамп алтын түстө жылаңач отуруп, колуна гольф таягын кармаган абалда көрсөтүлгөн. Автор эмгек аркылуу Трамптын климат саясатына жана эл аралык мамилелерде күч колдонуу ыкмаларына карата сын-пикирин билдирген.

Айкелдин көргөзмөсү даниялык депутат Пер Клауссендин демилгеси менен уюштурулуп, 8-октябрга чейин уланары айтылды.

Последние новости