www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк банктын жаңы баяндамасы Кыргызстан үчүн тынчсыздандырган тенденцияларды ачып көрсөттү. Акыркы жылдары өлкөдө сел, суу ташкыны, катуу шамал, нөшөр жаан жана жер көчкү сыяктуу кырсыктар көбөйүп, климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети барган сайын тереңдеп бара жатат.

Документте белгиленгендей, экстремалдуу аба ырайынын күчөшү Кыргызстанды 2030-жылга чейин ортодон жогорку кирешелүү өлкө болууга багытталган пландарынан артка тартышы мүмкүн. 2050-жылга чейин ички дүң өнүм 2-4% төмөндөйт деген божомол жасалууда. Айрыкча айыл чарба жана негизги инфраструктура эң чоң соккуга кабылып, азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет.

Климаттын өзгөрүшүнүн социалдык кесепеттери да олуттуу. 2040-жылга карата көбүнчө айылдык аймактардан 170 миңге жакын адам жакырчылыктын чегине түшүп кетиши мүмкүн. Сугат суунун тартыштыгы 24% чейин жетип, дыйкандардын кирешеси 5-10% кыскарышы ыктымал. Инфраструктураны оңдоого жыл сайын 100 миллион долларга чукул акча талап кылынары айтылууда.

Өлкөдө жер көчкү жана сел коркунучу да тездик менен өсүүдө. Бүгүнкү күндө 4 миңден ашуун кооптуу зона болсо, 368 бийик тоолуу көлдө жырылуу коркунучу катталган. Айрым кооптуу аймактардагы үй-бүлөлөр мамлекет сунуштаган көчүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө карабай, каражаттын тартыштыгынан улам башка жерге кете албай жатат.

Дүйнөлүк банк климаттык коркунучтарды азайтуу үчүн ирригацияны модернизациялоо, инфраструктураны чыңдоо, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу жана жеке инвестицияларды тартуу сыяктуу бир катар чараларды сунуштайт. Кыргызстан болсо эл аралык деңгээлде “жашыл” долбоорлорду күчөтүү демилгесин көтөрүп, климаттык трасттык фонд түзүүнү баштады.

Последние новости