www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында №227 автобус каттамынын жүрүү схемасына өзгөртүү киргизилди. Бул туурлуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, буга чейин №227 каттам Тагай Бий көчөсү аркылуу жүрүп келген. Учурда аталган көчө аркылуу башка да автобус каттамдары тейлеп жаткандыктан, ал эми ага катарлаш жайгашкан Каркыра көчөсүндө коомдук транспорт каттамы жок болгондуктан, №227 автобустун жүрүү схемасын өзгөртүү чечими кабыл алынды.
Жаңы схемага ылайык, №227 автобус каттамы Каркыра көчөсү аркылуу жүрөт.
Бул өзгөртүү аталган аймактын тургундарын коомдук транспорт менен камсыз кылуу, жүргүнчүлөр үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана шаардагы каттамдык тармакты бирдей бөлүштүрүү максатында киргизилди.
