www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-октябрда Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргыз эл артисти, залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин айкелинин ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарада манасчынын кыргыз маданиятына, анын ичинде “Манас” эпосун даңазалоого кошкон салымы белгиленип, чыгармачылык мурасы эскерилет.
Ачылыш аземине маданият жана искусство өкүлдөрү, манасчылар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана коомчулук катышат.
Иш-чара саат 11:00дө башталат.