www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасындагы климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин, тобокелдиктерди жана экономикалык өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо, ошондой эле климатка туруктуу, төмөн көмүртектүү өнүгүүгө өтүүнүн жол картасын сунуштоого багытталган иш-чара болуп өттү.
Кыргызстан – тоолуу өлкө катары климаттын өзгөрүшүнө түздөн-түз дуушар болууда. Биздин негизги милдет – туруктуу айыл чарба, сууну эффективдүү колдонуу, жаңы энергетикалык долбоорлорду ишке киргизүү жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу. Бул Доклад өлкөдө туура чечимдерди кабыл алууга көмөкчү болору белгиленди.
Докладда суу ресурстарынын азайышы, мөңгүлөрдүн тез эриши, кургакчылык, экстремалдуу жаан-чачындар жана табигый коркунучтардын көбөйүшү экономикалык өсүшкө, айрыкча айыл чарба жана инфратүзүм тармактарына олуттуу коркунуч жаратары көрсөтүлгөн.
Бул көйгөйлөрдү чечүү максатында Министрлер Кабинети төмөнкү чараларды көрүүдө: ирригация системасын модернизациялоо, климатка туруктуу өсүмдүктөрдү жана мал чарбасын колдоо, энергияны үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу.
Ошондой эле Кыргызстан 2029-жылга чейин «жашыл экономика» программасын ишке ашырууда. Программа энергетика, гидроэнергетика, күн панелдерин жайылтуу жана суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу аркылуу өлкөнүн климаттык туруктуулугун жогорулатып, туруктуу экономикалык өсүшкө жетүүнү максат кылат.
Бул аракеттер Кыргызстанды коопсуз, туруктуу жана жашыл келечекке карай жетелеп жатканы белгиленди.