www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын калкынын саны жаңжал башталгандан бери кескин азайып кетти. 2022-жылдын февраль айынан бери өлкөнүн калкы 42 миллиондон 36 миллионго чейин азайган. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.
Дээрлик төрт жылдан бери уланып жаткан жаңжалдын кесепетинен жергиликтүү калктын азайышы олуттуу деңгээлге жеткени кабарланууда.
Украинанын Улуттук илимдер академиясынын Демография институтунун маалыматы боюнча, жаңжалга чейин өлкөнүн калкы 42 миллион болсо, азыр 36 миллиондон аз экенин кабарлады.
Украина өкмөтү учурдагы статистикага таянып, калктын саны 2040-жылга чейин 29 миллионго чейин азаяарын эскертти.
АКШнын Борбордук чалгындоо агенттигинин "Дүйнөлүк фактылар китебине" ылайык, 2024-жылы Украинада дүйнөдө төрөттүн эң төмөнкү көрсөткүчү жана өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү болгон, ар бир төрөлүүгө дээрлик үч өлүм туура келген.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, эркектердин орточо өмүр узактыгы жаңжалга чейинки 65,2 жылдан 2024-жылы 57,3 жылга чейин төмөндөгөн. Аялдар үчүн бул көрсөткүч 74,4төн 70,9 жылга чейин төмөндөгөн. Украина экономикалык стратегия борборунун 2025-жылдын март айындагы отчетуна ылайык, 2022-жылдан кийин өлкөдөн чыгып кеткен 5,2 миллион украиналык чет өлкөлөрдө, көбүнчө Орусияда, Германияда жана Польшада жашап калышкан. Борбор 1,7–2,7 миллион адам чет өлкөдө туруктуу жашайт жана жаңжал аяктагандан кийин дагы жүз миңдеген эркектер өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн деп болжолдойт.
Демографтардын айтымында, 2022-жылдан бери Украинадан чыгып кеткендердин арасында жаш аялдардын көп болушу демографиялык кризисти ого бетер күчөтүп жатат. Украинанын Улуттук илимдер академиясынын маалыматы боюнча, калктын саны 2051-жылга чейин 25 миллионго чейин азаят. БУУнун 2024-жылга карата божомолунда 2100-жылга чейин Украинанын калкы 9 миллиондон 23 миллионго чейин азайышы мүмкүн деп айтылат.
Украина жаңылыктар агенттигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 1-сентябрына карата расмий жашаган жери боюнча каттоосу бар адамдардын саны 28,7 миллионду түзгөн.
РБК Украина Эл аралык валюта фондуна шилтеме жасап, калктын саны 2024-жылы 33,3 миллионго чейин төмөндөгөнүн билдирди. БУУнун 2024-жылга карата божомолуна ылайык, 2014-жылдан 2024-жылга чейин Украинанын калкы 10 миллионго азайган.
Белгилей кетүүчү нерсе, учурда Украинада 18 жаштан 22 жашка чейинки эркектерге согуш учурунда да чет өлкөгө эркин чыгууга уруксат берилген.