www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу чараларынын алкагында мурдагы Мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Сүйүнбек Касмамбетов менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарындагы жергиликтүү соттор онлайн режиминде катышты.
Иш чараны ачкан төрага өз сөзүндө Сүйүнбек Касмамбетовдун «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун идеялык концепциясын түзүүдөгү эмгегин жогору баалап, улуттук баалуулуктарды, тарыхый мурасты жана руханий дөөлөттөрдү коомго жайылтуудагы анын орду өзгөчө экенин белгиледи.
Жогорку сот тарабынан уңгужолго ылайык атайын иш план иштелип чыгып, учурда бир катар иш-чаралар активдүү жүргүзүлүп жатканын айтты.
« Жогорку сот уңгужолдун талаптарын ишке ашыруу боюнча атайын иш план бекитип, учурда анын үстүнөн активдүү иштер жүрүүдө Алардын бири «Манас угуу декадасы» жарыяланып, өлкөнүн бардык аймактарындагы жергиликтүү соттордо Манаска, улуттук баалуулуктарга, тарыхыбызга жана руханий мурасыбызга арналган ар түрдүү маданий, агартуучулук иш-чаралар өткөрүлдү.
Жогорку сот тарабынан «Манастын руху – улуттук дем жана улуттук нарк» аттуу республикалык деңгээлдеги сүрөт сынагы уюштурду. Бул сынак сот системасындагы кызматкерлердин балдары арасында уюштурулуп, ар бир облустан эң мыкты эмгектер тандалып Жогорку сотко жөнөтүлүп, атайын комиссия аларды тыкыр, адилет жана кесипкөйлүк менен баалап, жеңүүчүлөрдү аныктады. Жакында алдыңкы орунга чыккан балдар белектерин алышат.
Урматтуу ата-энелер, балдарыңыздардын бул сынакка катышуусу — алардын улуттук руханий дөөлөттөргө жакындыгын, Манастын улуу образына болгон кызыгуусун жана өз мурасын көркөм тил менен түшүнө билгенин тастыктап турат.
Бул сынактын максаты жаш муундардын жүрөгүндө Манаска болгон сыйды, эпостогу патриоттуулук, биримдик, эр жүрөктүүлүк жана адеп-ахлак сыяктуу баалуулуктарды кабыл алуу жана аны түшүнүү шарттарын түзүү болуп саналат»,- деп белгиледи Медербек Сатыев.
Андан кийин сөз мурдагы Мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Сүйүнбек Касмамбетовго берилип, ал уңгужолдун маңызы, нарк-насил, адеп-ахлак, ички маданият, руханий тазалык жана коомдогу жалпы моралдык баалуулуктардын ролу тууралуу кеңири баяндама жасады.
Медербек Сатыев мурдагы Мамлекеттик катчыга атайын убактысын бөлүп, Жогорку сотко келип, сот тутумунун кызматкерлерине нарк-насил, адеп-ахлак, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун маңызы жана анын коомдун өнүгүшүндөгү орду тууралуу терең жана баалуу маалымат бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.
«Сиздин улуттук нарк, адамдын ички маданияты, коомдук адеп, руханий тазалык, кесиптик жүрүм–турум маданияты жөнүндө берген кеңири түшүндүрмөлөрүңүз кызматкерлерибиз үчүн өзгөчө баалуу жана пайдалуу болду. Айрыкча, накр-насилдин мамлекеттик кызматтагы адилеттикке, жоопкерчиликке жана ыймандуулукка тийгизген таасирин мисалдар менен кеңири ачып бергениңиз сот системасынын кызматкерлерине багыт, шыктануу жана ойлонууга чоң түрткү болду деп ойлойм.
Уңгужолдун негизги идеялары – бул улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактоо, руханий асылдыкты өркүндөтүү, адамдын ички маданиятын чыңдоо. Ал эми бул сот тармагында эмгектенген адистер үчүн өтө маанилүү.
Жалпы сот тутумунун атынан Сизге болгон ыраазычылыгыбызды билдирип, элдик баалуулуктарды жайылтууга кошуп жаткан салымыңыз ар дайым өркүндөп, коомубуздун руханий өнүгүшүнө кызмат кыла беришин каалайбыз», деп кошумчалады төрага.