www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кийинки 2026-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания 20 миңге чукул батирди өз ээлерине тапшыра турганы маалым болду. Анын 4 миңи Бишкек шаарында жайгашкан. Бул тууралуу МИКтин Калк менен иштеөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева билдирди.
Адистин айтымында, 2023-жылдан бери компания өлкө аймагы боюнча 4 миң 662 батир берген.
Ал эми турак жай алчулардын кезегинин жай жылышы боюнча Тотубаева МИК өзү 2023-жылдан баштап гана үй курууга киришип, алгачкыларын 2024-жылдан тарта гана бере баштаганын белгиледи.
МИКтин өкүлү 2026-жылы батирлер бир нече этап менен берилерине токтолуп, даректерин айтты:
"Мурас" турай жай комплекси — 2 280 батир;
Волков менен Костанай көчөлөрүнүн кесилишиндеги үй — 1 320 батир;
"Ынтымак" турак жай комплекси — 918 батир;
Тынчтык проспекти менен Горный көчөсүнүн кесилишиндеги үй — 120 батир;
Кара-жыгач конушундагы Бегматов көчөсүн жайгашкан объект — 105 батир;
Чыңгыз Айтматов проспекти, 104 дарегиндеги турак жай — 665 батир;
Лев Толстой көчөсү, 120 дарегиндеги объект — 280 батир.
Президенттин тапшырмасына ылайык, көп кабаттуу турак жайларды тез арада куруу боюнча иштер өлкөдө жигердүү уланууда. Бул багытта Каныбек Туманбаевдин ишмердиги өзгөчө белгиленип, анын курулуш процесстерин ыкчам жана натыйжалуу уюштура билгени айтылууда.
Маалыматка караганда, турак жайга муктаж болгон бир топ жарандын маселеси жаңы үйлөрдүн курулушу менен чечилип, аймактарда да иш илгерилеп жатат. Курулуштардын кыска убакытта бүткөрүлүп жатканы Туманбаевдин башкаруу тажрыйбасына жана уюштуруучулук жөндөмүнө байланыштуу экени белгиленүүдө.
Адистердин баамында, ал соңку жылдары ири долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба топтоп, өлкө экономикасын алдыга сүрөй алган менеджерлердин катарына кошулду.