www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында коомдук транспорттун инфраструктурасын жакшыртуу жана санариптик технологияларды киргизүү иштери уланууда.

«Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Акылдуу аялдама» долбоорунун алкагында шаардагы аялдамаларга 15 интерактивдүү маалыматтык панель орнотулду. Учурда бул багыттагы иштер улантылууда.

Мындан тышкары, AUGUL компаниясы менен биргеликте Айни көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектиси кесилишиндеги аялдамага коомдук транспорттун жакындап калганын билдирүүчү маалыматтык такта орнотулду.

Жаңы панелдер аркылуу жүргүнчүлөр автобустардын номерлери, каттамдардын багыттары жана көздөгөн жерге чейинки аралык тууралуу маалымат ала алышат. Долбоор шаар тургундарына жана конокторуна коомдук транспортту пайдаланууну жеңилдетип, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Последние новости