www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Жапонияга болгон расмий сапарынын алкагында Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы, Mitsui O.S.K. Lines компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Такеси Хасимото баштаган ири жапон компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Жапониянын соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Маматалиев жапон ишкерлерине Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, акыркы беш жылда өлкөнүн экономикасы жыл сайын кеминде 9 пайызга өскөнүн белгиледи. Ал чет элдик инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, өндүрүш ишканаларын ачуу жана жаңы технологияларды киргизүү багытында кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тоо-кен тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Жапон ишкерлери Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы JKII компаниясы менен кыргыз тараптын ортосундагы меморандумга кол коюу жараянын тездетүү маселеси каралды. Мындан тышкары, Төрага Кыргызстанда Toyota компаниясынын расмий борборун ачууну сунуштады.

Жолугушууда «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун мүмкүнчүлүктөрү, логистикалык борборлорду жана «кургак портторду» куруу, энергетика, агроөнөр жай, IT жана медициналык технологиялар тармагындагы долбоорлор да талкууланды. Марлен Маматалиев жапон компанияларын Кыргызстан аркылуу өтүүчү транспорттук каттамдарды өнүктүрүүгө катышууга чакырды.

Төрага кыргыз-жапон бизнес-форумунун жыйынтыгында энергетика, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм жана санариптештирүү багыттарында 20дан ашык документке кол коюлганын эске салып, эми аларды конкреттүү долбоорлорго айландыруу зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Такеси Хасимото Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуу бар экенин билдирип, жолугушууда айтылган маалыматтар жапон ишкерлери үчүн маанилүү экенин белгиледи. Талкуу суроо-жооп форматында уланып, тараптар инвестицияларды коргоо жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү маселелерин карашты.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев да катышты.

Последние новости