www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга синтетикалык баңгизаттарды ири көлөмдө ташып келүүгө жана сатууга шектелген эки эл аралык баңгизат тобунун ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде кылмыш иштери козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан кылмыш үстүндө Кыргызстандын жети жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы баасы 3,5 миллион сомдон ашкан синтетикалык «Альфа-ПВП» баңгизаты алынган.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана иштин бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө-ыкчам иштери уланууда.