www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Airbus үлгүсүндөгү 10 учак сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жакында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Өзбекстандын Самарканд шаарына болгон сапары учурунда Кыргызстандын өкүлдөрү Boeing корпорациясынын жетекчилери менен учак жеткирүү маселесин талкуулашкан. Мындан тышкары, учактарды сатып алууга АКШнын Экспорттук-импорттук банкынан каражат тартуу маселеси да каралган.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө 5 млрд 836 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, эки Airbus A321 учагы сатып алынарын билдирген.

Последние новости