www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казарман шаарынын тургуну Абдрахманов Ширинбек президент Садыр Жапаров менен Тогуз-Торо районундагы жолугушууда атасы Абдрахманов Доодарбектин ишин кайра карап чыгууну өтүнүп, жардам сурады.

Ширинбектин айтымында, атасы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерине 2 миң сом пара берүүгө айыпталып, эки жылга эркинен ажыратылган. Алты айдан бери камакта жаткан атасынын иши боюнча үй-бүлөсү бир катар соттук инстанцияларга кайрылганын билдирди.

Анын маалыматына караганда, райондук сот атасын актаган. Бирок прокуратура облустук сотко даттануу берген. Облустук сот ишти жети ай карап, 28-майда Доодарбек Абдрахмановду эки жылга эркинен ажыраткан. Кийин Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Президенттин жолугушуусунда ИИМ министринин орун басары Адылбек Бийбосунов бул ишке түшүндүрмө берди. Анын айтымында, жаран Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерине пара сунуштаган. Кызматкер акчаны албай, окуя тууралуу милицияга билдирген.

Садыр Жапаров 2 миң сомго байланыштуу иш боюнча эки жылдык жаза колдонулганына нааразылыгын билдирип, сот менен прокуратуранын чечимдерин сынга алды. Ошондой эле бул иш боюнча арызданган жаранды жеке кабыл аларын билдирди.

Последние новости