www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда пенсия курагындагы мугалимдердин мектептерде ишин улантуусу жана жаш адистерге жумуш орундарын бошотуу маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева президент Садыр Жапаровдун Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди.
Министрдин айтымында, мугалимдерди пенсия курагына жеткени үчүн эле жумуштан бошотууга мыйзам жол бербейт.
«Алар мамлекеттик кызматкерлер эмес, аларды Эмгек кодекси коргойт», - деди Кендирбаева.
Ал айрым мугалимдер 68–70 жашында да иштеп жатканын белгилеп, бул маселени жөнгө салуу үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.
Министр ошондой эле айлык акынын жогорулашынан кийин билим берүү мекемелериндеги атаандаштык күчөгөнүн жана мугалимдерге болгон муктаждык толук камсыздалганын билдирди.