www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Египеттин парламенти Сауд Арабиясына аскердик колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн коопсуздугун коргоо боюнча чараларды көрүү тууралуу президент Абдель Фаттах ас-Сисинин сунушун жактырды. Бул тууралуу Египеттин Masrawy басылмасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, чечим парламенттин жабык жыйынында хуситтердин чабуулдары көбөйгөн шартта кабыл алынган.
Буга чейин президент ас-Сиси Египеттин мүмкүн болгон аскердик катышуусу Сауд Арабиясынын аймагын жана чек араларын коргоо менен гана чектелерин билдирген. Ал Египеттин Йемендеги чабуул коюу операцияларына катышуусу каралбай турганын белгилеген.