www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Украина боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү Европадагы НАТО күчтөрүнүн санын кыскартуу үчүн пайдаланууга кызыкдар. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Москва сүйлөшүүлөргө Европа өлкөлөрүнүн да катышуусун каалайт. Кремль НАТОну 1997-жылдагы аскердик жайгашуу деңгээлине кайтаруу талабын көтөрүшү мүмкүн. Бул Польша, Балтика өлкөлөрү жана Финляндияда жайгашкан альянстын күчтөрүн чыгарууну камтышы ыктымал.

Европадагы коопсуздук маселелерин кеңири талкуулоо демилгесин АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Санкт-Петербургдагы жолугушууда сунуштаганы кабарланууда.

Ошол эле учурда европалык дипломаттар коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок НАТОну 1997-жылдагы позицияларына кайтаруу талабын кабыл алуу мүмкүн эмес экенин билдиришкен.

Последние новости