www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун тургуну Батма Жолболдуева президент Садыр Жапаровдун жеке кабыл алуусунда болуп, маселеси чечилгенин билдирди.

Жолболдуева социалдык тармактагы билдирүүсүндө колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, «Сиздердин каалоо-тилектериңиздер менен ишим оңунан чечилди!» деп жазган.

Буга чейин ал өзүнүн маселесин чечүү өтүнүчү менен Бишкекке жөө жөнөгөн. Облустук бийлик анын коопсуздугун камсыздоо жана маселесин мыйзам чегинде чечүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзгөн.

Бирок, Батма Жолболдуева так кандай маселени чечүүнү көздөп жатканы айтылган эмес.

Последние новости