www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун тургуну Батма Жолболдуева Бишкек шаарына жөө жөнөгөндөн кийин, облустук бийлик анын коопсуздугун камсыздоо жана маселесин мыйзам чегинде чечүү боюнча иштерди жүргүздү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 18-октябрында облус башчысы Мамыржан Рахимов тиешелүү кызматтарга Жолболдуеванын маселесин тактап, мыйзам чегинде чечүү жолдорун түшүндүрүү тапшырмасын берген.

Тапшырманын негизинде өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев Баткен районунун Жаңы-Жер айылында Батма Жолболдуева менен жолугушкан. Ага маселесин мыйзамда белгиленген тартипте чечүү жолдору түшүндүрүлгөн. Бирок ал сунуштарга макул болбой, Бишкекке карай жолун уланткан.

Ошондой эле облустук бийлик Жолболдуеваны президент Садыр Жапаровдун жеке кабыл алуусуна киргизүү маселеси боюнча Президенттин Администрациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Маалыматта Президенттин Баткен облусунун тургундары менен жолугушуусун уюштуруу боюнча иш-чаралар планы даярдалып жатканы айтылат. Жеке кабыл алууга кире турган жарандардын тизмеси түзүлүп, президент менен макулдашылгандан кийин кабыл алуу тиешелүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулары белгиленген.

Азырынча президенттин жеке кабыл алуусунун так күнү жана убактысы аныктала элек.

Облустук бийликтин маалыматына караганда, Батма Жолболдуева буга чейин да облус башчысы тарабынан бир нече жолу кабыл алынган. Анын маселеси боюнча чечим кабыл алуу укук коргоо органдарына сунушталган.

Эске салсак, Жолболдуева президент Садыр Жапаровдун Баткен облусунун тургундары менен болгон жолугушуусунда өзүнүн жеке маселесин көтөргөн.

Облустук бийлик жарандардын кайрылууларын мыйзам чегинде кароого жана маселелерин белгиленген тартипте чечүүгө даяр экенин билдирди.

Последние новости