www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстанга расмий сапары менен келген Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев Азербайжан Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш жана боордош мамлекет экенин белгилеп, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн бери 24 млн АКШ долларынан ашкан 11 инвестициялык долбоор жактырылганын билдирди. Ошондой эле мындан ары энергетика тармагындагы ири стратегиялык долбоорлорду каржылоого артыкчылык берүү маанилүү экенин кошумчалады.
Өз кезегинде Сагиба Гафарова эки өлкөнүн ортосунда 123 документке кол коюлганын жана Азербайжан парламентиндеги Кыргызстан менен достук тобуна 35 депутат кирерин баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда меймандарга Жогорку Кеңештин жаңыланган жыйындар залдары жана санариптешкен музейи көрсөтүлүп, атайын робот-экскурсовод маалымат берди.
Иш-чарага депутаттар Айсаракан Абдибаева, Жаныбек Абиров, Бурул Аманова, Эркеайым Сейтказиева жана Жылдыз Эгенбердиева катышты.