www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 18-октябрда кечинде жубайы менен Өзбекстанга келди. Америкалык делегациянын учагы Самарканддын эл аралык аэропортуна конду.
Аэропорттон Рубиону Өзбекстан Президентинин администрациясынын башчысы Саида Мирзиёева, тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, АКШ президентинин атайын өкүлү Сержио Гор жана АКШнын Өзбекстандагы элчиси Жонатан Хеник тосуп алышты.
Самаркандда мамкатчы АКШ менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүн — Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды бириктирген C5+1 форматындагы тышкы иштер министрлердин жолугушуусуна катышат. Ошондой эле аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр пландалган.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматы боюнча, Рубионун Өзбекстанга жана Индияга сапары 17-октябрдан 22-октябрга чейин созулат. Өзбекстандан кийин ал Индияга жөнөйт. Америкалык тарап C5+1 жолугушуусу АКШ менен Борбордук Азиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкка, тынчтыкты чыңдоого жана экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө арналарын билдирген.