www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө электр жарыгы толук калыбына келтирилди

18-октябрь күнү кечинде Ысык-Көл облусунда болгон жапырт өчүрүүлөрдөн кийин электр энергиясы менен камсыздоо толук бойдон калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Ысык-Көл электр тармактары» ишканасы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 19-октябрда эртең менен энергетиктер «Тамга» көмөк чордонундагы техникалык иштерди аякташты. Ал жерде жабдууга байланыштуу штаттан тышкаркы кырдаал келип чыккан.

Кечээ кечинде Ысык-Көл, Түп жана Ак-Суу райондорунун, ошондой эле Каракол шаарынын тургундары жарыксыз калышкан. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, жарык саат 19:15тер чамасында өчкөн. Болжол менен бир сааттан кийин электр энергиясын берүү калыбына келтирилген, бирок кийинчерээк жарык кайрадан өчүрүлгөн.

«Ысык-Көл электр тармактарында» өчүрүүлөргө «Тамга» көмөк чордонундагы күтүлбөгөн кырдаал себеп болгонун билдиришти. Энергетиктер бузук жабдууну оңдоп, керектүү техникалык иштерди жүргүзүштү.

Последние новости