www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатчы Мавлян Аскарбековдун жактоочусу Эрик Ирискулбеков Бишкектин Ленин райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арыз берди.
Эске салсак, 29-сентябрда сот Мавлян Аскарбековду эки жылга эркинен ажыраткан.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча айып тагылган. Буга анын Facebook баракчасына Кыргызстанда иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандар тууралуу жарыялаган билдирүүсү себеп болгон.
Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал учурдагы бийликтин айрым иштерин сындаган пикирлери менен бөлүшүп, коомдогу окуяларга көз карашын билдирип жүрчү