www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына кошумча төлөнүүчү акчаны 1000 сомдон 5000 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда.
Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна келип түштү.
Негиздемеде учурда "Баатыр эне" орденин алган энелерге пенсиясынан тышкары ай сайын 1000 сом төлөнөрү айтылган. Бул сумма 2011-жылдан бери өзгөртүлгөн эмес.
Эл өкүлдөрү азык-түлүк, коммуналдык кызматтар жана дары-дармектер кымбаттаганын эске алып, кошумча төлөмдү беш эсеге көбөйтүүнү сунушташууда.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда "Баатыр эне" орденин алган 34 миңге жакын эне бар. Алардын пенсиясына кошумча төлөмдү көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 662 миллион сом талап кылынат.