www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы мурдагы Финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеевдин милицияга жеткирилишине байланыштуу түшүндүрмө берди.

Милициянын маалыматына караганда, 19-октябрда саат 02:11 чамасында Жаманбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде ызы-чуу болуп жатканы тууралуу 102 кызматына арыз түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер Жапыкеевди катуу мас абалында болгон деп билдиришкен. Ал милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, сөгүнгөнү айтылууда.

Кийин ал Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын №5 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.

Эске салсак, Жапыкеев буга чейин милицияда түнөгөнүн билдирип, аны эмне себептен алып кетишкенин түшүндүрүшпөгөнүн айткан.

Последние новости