www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-октябрда социалдык тармактарда жаран Сыймык Жапыкеев милиция кызматкерлери аны негизсиз кармап, алардын аракеттери саясий буйруктун негизинде болгонун билдирген.
Буга байланыштуу Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков түшүндүрмө берди.
19-октябрда саат 02:11де Бишкек шаарынын ИИББнын «102» кызматына Бишкек шаарындагы Жаманбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын тынчтыгын бузуу фактысы боюнча билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Сыймык Жапыкеев достору менен бирге спирт ичимдиктерин ичип жатканын аныкташкан. Ал саат 22:00дөн кийин тынчтыкты сактоо боюнча бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ызы-чуу чыгарган. Ушуга байланыштуу жаран Жапыкеев Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, юридикалык баа берүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
«Бул окуянын саясий өңүтү жок. Жаран Жапыкеев бүгүн Кыргызтесттен өтүүнү каалаган күндө да, мас абалында тест тапшырууга мүмкүн эмес. Бардык жагдайлар мыйзам чегинде каралат. Коомчулуктан бул маалыматты туура кабыл алып, такталбаган маалыматтарды таратпоону суранам», - деди ИИМ башчысы.
Эске салсак, Жапыкеев буга чейин милицияда түнөгөнүн билдирип, аны эмне себептен алып кетишкенин түшүндүрүшпөгөнүн айткан.
Ал эми, Бишкек милициясы 19-октябрда түнкү саат 02:11де Жаманбаев көчөсүндөгү батирден ызы-чуу тууралуу билдирүү түшүп, окуя болгон жерге барган кызматкерлер Сыймык Жапыкеевди катуу мас абалында болуп, алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, сөгүнгөн деп билдиришкен.