www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси 2030-жылы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди.
Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады.
«Египеттин Конституциясы кол тийгис. Алдыдагы мезгил, тактап айтканда, 2030-жыл менин президенттик мөөнөтүмдүн аягы болот. Бул маселе биротоло чечилген жана талкууга алынбайт», — деп билдирген мамлекет башчысы.
Белгилей кетсек, Абдель Фаттах ас-Сиси Египетти 2014-жылдан бери башкарып келет. Ал 2018-жылы экинчи мөөнөткө президент болуп шайланган. 2019-жылы өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгында Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, ага кайрадан президенттикке талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк берилген. Ошондой эле президенттик мөөнөт төрт жылдан алты жылга узартылган.