www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын ИДПсы 2026-жылдын алгачкы тогуз айында 1 триллион 640 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8 пайызга өскөн. Бирок экономикалык өсүш калктын жашоо деңгээлин бирдей жакшырта элек.
Экономиканын өсүшүнө негизинен курулуш, соода жана логистика тармактары салым кошууда. Курулуш тармагындагы өндүрүш 1,6 эсеге, химия өнөр жайы 2,3 эсеге, мунайзат өндүрүшү 1,9 эсеге көбөйгөн.
Ошол эле учурда 2026-жылдын башынан бери керектөө баалары жана тарифтер 8,1 пайызга, ал эми жылдык инфляция 12,2 пайызга жеткени айтылат. Азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 7 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 6,8 пайызга кымбаттаган.
Экономисттердин түшүндүрмөсүнө ылайык, ИДПнын өсүшү ар бир жарандын кирешеси көбөйдү дегенди билдирбейт. Кирешелердин тең эмес бөлүштүрүлүшү, инфляция жана кредиттик жүктөм үй-бүлөлөрдүн бюджетине басым жасоодо.