www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамптын аракеттери Украинаны Орусияга капитуляция кылууга түртүшү мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Bloomberg агенттигине берген маегинде айтты.
Зеленскийдин айтымында, АКШ Украинадан Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна сокку урууну токтотууну талап кылып, анын ордуна Patriot абадан коргонуу системалары үчүн кошумча ракеталарды берүүнү караган. Ошондой эле Украинага мурда убада кылынган айрым аскердик жардамдардын жеткирилиши кечигип жатканын белгиледи
Ал АКШдагы 3-ноябрда өтө турган аралык шайлоолор Вашингтон менен Киевдин мамилесине таасир этиши мүмкүн экенин кошумчалады.
Ал эми Трамп Зеленскийди согушту токтотууну каалабайт деп айыптап, Украинада президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган.