www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев айыл жерлеринде свет өчүрүлүп жатканын айтып, Энергетика министри Алтынбек Рысбековдон түшүндүрмө талап кылды.
– Аламүдүн району боюнча көп арыз түшүүдө. 3 киловатт көлөмүнөн ашканда жарык өчүп жатат. Мисалы, мен айылга барып жатам. Өткөндө электр чайник менен жылыткычты күйгүзсөм жарыгымды өчүрүп коюшту. Негизи мен төлөгөм. Алар "3 киловатт лимиттен ашканда өчүрөбүз" деп айтышты. Электр чайник, кир жуугуч, жылыткычтардын баарын кошкондо электр жарыгы өчүп калып жатат. Эл ошого нааразы болууда,- деди эл өкүлү.
Министр Алтынбек Рысбеков чектөө жок экенин айтып, ийин куушурду.