www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын директору болуп Кубат Касымбеков дайындалды. Бул тууралуу редакция маалымдады.

Маалыматка ылайык, чечим «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун медиа корпорациясы өткөргөн ачык сынактын жыйынтыгында кабыл алынган.

38 жаштагы Кубат Касымбеков буга чейин да «Эркин Европа/Азаттык» радиосунда иштеген. Акыркы бир жыл ичинде Лондондо жайгашкан Би-Би-Синин кыргыз кызматынын жетекчиси болуп эмгектенген.

Буга чейин 1996-жылдан бери «Азаттыкта» иштеп келген Венера Жуматаева 1-октябрдан тарта өз каалоосу менен директорлук кызматтан кеткен.

Последние новости