www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-октябрда Казакстан Республикасынын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.
Коңшу өлкөнүн жаңы парламентинин төрагасын “Манас” аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев тосуп алды.
Айбек Дадебай иш сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына да катышат.
Эскерте кетсек, эртең Бишкек шаарында ТүркПАнын кеңешинин отуруму жана XV пленардык жыйыны өтөт.