www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту.
Жолугушуу Бишкек шаарында өткөн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарынын алкагында уюштурулду.
Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүү, саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев Кыргызстан боордош Түркия менен түзүлгөн кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, эки тараптуу байланыштарды арттыруу боюнча пикирлерин билдирди.
Өз кезегинде Нуман Куртулмуш ТүркПАнын жыйындарын жогорку деңгээлде уюштурганы жана көрсөткөн меймандостугу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык айтты. Ал эки өлкөнүн жетекчилеринин ортосундагы тыгыз байланыштарды парламенттик деңгээлде да улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле Түркиянын парламент төрагасы Марлен Маматалиевди расмий сапар менен Түркияга келип кетүүгө чакырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери да талкууланды.