www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарованы кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгын соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорттук тармактарда өнүктүрүүнү талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык мамилелерди белгилеп, жетишилген макулдашууларды, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын июль айында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кол коюлган Союздаштык мамилелер жөнүндө келишимди ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде Сагиба Гафарова Жапаровго жана кыргыз элине Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин саламын жана каалоолорун жеткирди.

Милли Межлистин төрайымы эки тараптуу мамилелердин, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыктын өнүгүп жатканын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Последние новости