www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку сот 20-октябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун кассациялык арызын карап, мурдагы сот чечимдерин күчүндө калтырды. Сот залы оңдоо иштерине байланыштуу журналисттер үчүн жабык болду.
2024-жылдын 26-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза дайындаган эмес. Кийин Бишкек шаардык соту да бул өкүмдү күчүндө калтырган.
Иш 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протоколго кол коюу маселесине байланыштуу болгон. Мадумаров 2023-жылдын сентябрында мамлекеттик чыккынчылык жана алдамчылык боюнча айыпталып кармалган.