www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 20-октябрында министр Алмаз Имангазиев Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Хью Ридделл менен жолугушту.
Жолугушуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы «Эмгек рыногунун жана социалдык коргоонун программаларын чыңдоо» долбоору боюнча миссиясынын алкагында өттү.
Тараптар долбоордун ишке ашырылышын, аткарылып жаткан иштердин жыйынтыктарын жана калкты иш менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле эмгек рыногунун программаларын өркүндөтүү, жарандардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана калкты социалдык колдоо чараларынын даректүүлүгүн жогорулатуу маселелерине көңүл бурулду.
Жолугушуунун катышуучулары белгиленген максаттарга жетүү үчүн тараптардын өз ара аракеттенүүсүн жана аракеттерди координациялоону күчөтүү зарылдыгын белгилешти.