www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа лидерлери Украинадагы согушту токтотуу боюнча Орусия президенти Владимир Путин менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү караштырууда. Бул тууралуу Financial Times гезитинин баяндамачысы Гидеон Рахман жазды.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдө эки сценарий сунушталышы мүмкүн.
Биринчи сценарий: согуш азыркы фронттук сызыкта токтотулуп, Украина НАТОго мүчө болбой тургандыгына кепилдик берилет.
Экинчи сценарий: Украина Донбасстын калган бөлүгүн Орусияга өткөрүп берип, анын ордуна НАТОго кошулат.
Азырынча бул сунуштар расмий түрдө ырастала элек. Кремль ок атышууну токтотуу үчүн Украинанын Донбасстын бүт аймагынан чыгып кетишин талап кылып келет.
Согушту токтотуу аракеттеринде Европанын ролу күчөп, Киевге каржылык жана аскердик колдоо көрсөтүү маселеси да маанилүү бойдон калууда.