www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 20-октябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлерин кабыл алды.
Жолугушуу ТүркПА Кеңешинин 15-пленардык жыйынынын алкагында өттү.
Мамлекет башчысы боордош өлкөлөрдүн парламент жетекчилери менен жолугушуу мамлекеттер ортосундагы достуктун жана өз ара ишенимдин белгиси экенин белгилеп, Кыргызстан ТүркПАнын алкагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле Ассамблеянын ишмердүүлүгү саясий байланыштарды чыңдоого жана соода-экономикалык, транспорттук, энергетикалык, санариптик жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталганын айтты.
Өз кезегинде парламенттердин спикерлери жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоодо Кыргызстандын маанилүү ролун белгилешти.
Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, интеграциялык процесстерди колдоо жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды. Ошондой эле түрк элдеринин жалпы баалуулуктарын жана улуттук өзгөчөлүгүн сактоого көңүл бурулду.